Башкы бет Комиссиялар Сапат элчилери

Кампустун коопсуздук кызматтары боюнча окутуу

2025-жылдын 21-28-ноябрында университеттин Коопсуздук кызматынын кызматкерлерине арналган «Кампустун коопсуздук кызматтары» боюнча окутуу өткөрүлдү. Окутуу Ректораттын конференция залында доцент, Ph.D. Мeдербек Оролбаев тарабынан саат 15:00–17:00дө өткөрүлдү.
Программада төмөнкү темалар кеңири каралды:

• Күзөт кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн негизги укуктук негиздери
• Күзөт кызматкеринин негизги максаты
• Күзөт кызматкерлеринин милдеттери
• Окуя болгон учурда иш-аракеттер алгоритми
• Милиция менен өз ара иш алып баруу тартиби
• Күзөт кызматкеринин укуктары
• Профессордук-окутуучу курамынын, студенттердин жана административдик кызматкерлердин өмүрүн жана ден-соолугун коргоону камсыз кылуу
• Текшерип киргизүү (контролдук) режимин уюштуруу
• Массалык ири иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыз кылуу
• Университеттин аймагында укук бузган жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө профессионалдык этиканы жана мыйзамды сактоо
• Чектөөлөр (күзөт кызматкерине эмне кылууга болбойт)
• Маанилүү этикалык талаптар

Бул окутуу коопсуздук кызматкерлеринин укуктук билимин жаңылоо жана кампустун коопсуздугун бекемдөө максатында өткөрүлдү.

Мазмун файлдары