Алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окутуу
Кыргыз–Түрк “Манас” университети 2025-жылдын 12-14-ноябрында университеттин коопсуздук кызматынын кызматкерлерине арналган «Алгачкы жардам көрсөтүү» боюнча окутуу болуп өттү.
Ректораттын конференция залында өткөн окутуу доктор Гүлфия Губайдуллина жана доктор Айдай Кубанычбекова тарабынан саат 15:00–17:00дө өткөрүлдү.
Окутууда төмөнкү медициналык ыкмалар теориялык жана практика түрдө талданды:
• Кайра жандандыруу ыкмалары
• Эс-учун жоготкон учурда жардам көрсөтүү
• Кан агууну токтотуу
• Сынык учурунда алгачкы жардам көрсөтүү
• Ууланганда алгачкы жардам көрсөтүү
Окутуунун негизги максаты коопсуздук кызматкерлеринин өзгөчө кырдаалдарда туура жана ыкчам реакция берүү жөндөмдөрүн жогорулатуу болду.