Университетибизде алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окутуу өткөрүлдү
Университетибиз тарабынан 2025-жылдын 17–18-декабрында бардык административдик жана академиялык кызматкерлер үчүн алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окутуу уюштурулду. Университетибиздин Маданият борборунун конференция залында өткөн окутуу доктор Гүлфия Губайдуллина тарабынан 15.00–17.00 сааттар аралыгында эки топто өткөрүлдү.
Окутуунун алкагында өзгөчө кырдаалдарда туура жана натыйжалуу аракет көрүү ыкмалары катышуучуларга теориялык жана практикалык түрдө түшүндүрүлдү. Программада aлгачкы жардам, эс-учун жоготуу, кан кетүү, сынуу жана уулануу учурларында алгачкы жардам көрсөтүү жолдору каралды.
Окутууга 500дөн ашуун кызматкер-угармандар катышып, анын негизги максаты университеттин кызматкерлеринин өзгөчө кырдаалдарда аң-сезимдүү, ыкчам жана туура жардам көрсөтүү жөндөмүн жогорулатуу болду. Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар маанилүү практикалык тажрыйбага ээ болушту.