Университетибизде байланыш жүргүзүү жана протоколдук тартип эрежелери боюнча окутуу ийгиликтүү өткөрүлдү.
2026-жылдын 20-январында университетибиз тарабынан бардык административдик кызматкерлер үчүн «Байланыш жүргүзүү жана протоколдук тартип эрежелери» темасында окутуу өткөрүлдү. Университетибиздин Маданият борборунун конференция залында уюштурулган окутуу PhD., профессор Бесим Ыйылдырым тарабынан 14.00–16.00 сааттар аралыгында жүргүзүлдү.
Окутуунун алкагында кызматтык байланыштын өзгөчөлүктөрү, мекемелик маданият, расмий сүйлөшүү этикасы жана протокол эрежелери боюнча маалыматтар берилди. Иш-чара административдик кызматкерлердин кесиптик компетенциясын жана мекемелик өкүлчүлүк маданиятын жогорулатууга багытталды.