Башкы бет Комиссиялар Сапат элчилери

Университетибизде «Документтерди сактоо жана системалаштыруу ыкмалары» аттуу окутуу өткөрүлдү

2026-жылдын 30-январында Университетибизде административдик кызматкерлердин кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатуу максатында «Документтерди сактоо жана системалаштыруу ыкмалары» аттуу кызматтык окутуу өткөрүлдү.

Иш-чара Касым Тыныстанов атындагы конференция залында саат 15:30–16:30 аралыгында уюштурулуп, ага институт, факультет жана жогорку мектеп катчылары, башкармалыктардын башчылары, жатакана директорунун орун басарлары, жетекчи жана бөлүм катчылары, бөлүм башчылары (шефтер), адистер жана башка административдик кызматкерлер катышты.

Окутууну Максат Ынакбеков жана Бакыт Исмаилов өткөрүштү. Программада расмий документтерди туура классификациялоо, архивдөө процесстери, папкалоо системалары, документтердин коопсуздугу жана мекеменин институционалдык эс тутумун сактоо боюнча негизги принциптер каралды. Ошондой эле практикалык ишмердүүлүктө кездешкен маселелер талкууланып, аларды чечүү жолдору боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Өткөрүлгөн окутуунун негизги максаты — административдик бөлүмдөрдө документ жүгүртүү жана сактоо иштерин тартиптүү, системалуу жана ченемдик укуктук талаптарга ылайык жүргүзүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат.

Мазмун файлдары