Башкы бет Комиссиялар Сапат элчилери

2026-жылдын 28–29-январында Университетибизде административдик кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө салым кошуу максатында «Расмий жазышуу ыкмалары» аттуу кызматтык окутуу программасы өткөрүлдү.

Окутуу программасын Университетибиздин Ректорунун орун басары, PhD, профессор Исмет Алтынташ алып барды. Программага институт, факультет жана жогорку мектеп катчылары, административдик бөлүмдөрдүн башчылары, административдик адистер, бөлүм жетекчилери (шефтер), кызматкерлер, жетекчилердин жана бөлүмдөрдүн катчылары катышты.

Эки күнгө созулган окутуунун алкагында расмий жазышууда колдонулуучу усулдар жана негиздер, жазуу тили менен стили, ченемдик укуктук актыларга ылайык документтерди түзүү ыкмалары, ошондой эле жазышууларда көп кездешкен каталар каралды. Катышуучуларга практикалык мисалдардын негизинде расмий каттарды туура жана натыйжалуу даярдоо жолдору түшүндүрүлдү.

Окутуу программасынын негизги максаты — мекеме ичиндеги жазышуу процесстеринде бирдиктүү стандарттарды камсыз кылуу, жазышуунун сапатын жогорулатуу жана административдик ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат.

Мазмун файлдары