Административдик кызматкерлердин санариптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган семинар өткөрүлдү
2026-жылдын 4-февралында Университетибизде «Административдик бөлүмдөрдө санариптик трансформация» аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинарды Университетибиздин окутуучусу, PhD, доценттин милдетин аткаруучу Абдулкадир Шекер алып барды. Иш-чарага башкармалыктардын башчылары, институт, факультет жана жогорку мектеп катчылары, административдик түзүмдөрдүн жетекчилери, жатакана директорлорунун орун басарлары, жетекчи жана бөлүм катчылары, шефтер, кызматкерлер жана административдик адистер катышты.
Семинардын алкагында административдик бөлүмдөрдө санариптик трансформация процесстери талкууланып, Google Drive тиркемелерин колдонуу, RPA (роботтук процесстерди автоматташтыруу), булут негизиндеги жазышуу системалары, жасалма интеллектти пайдалануу жана санариптик этика маселелери боюнча кеңири маалымат берилди. Айрыкча иш процесстерин ылдамдатуу, документ жүгүртүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана технологияларды коопсуз, натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык мисалдар сунушталды.