Административдик кызматкерлер үчүн «Мамиле жана жүрүм-турумду өнүктүрүү» семинары өткөрүлдү
Кыргызстан-Түркия Манас университети кызматтык окутуу программаларынын алкагында административдик кызматкерлер үчүн «Мамиле жана жүрүм-турумду өнүктүрүү» темасында семинар өткөрдү. 2026-жылдын 25-мартында саат 15:00–17:00 аралыгында 96 кызматкердин катышуусу менен өткөн семинарды Экономика жана башкаруу факультетинин менеджмент бөлүмүнүн окутуучусу, PhD. доцент Сейил Наджимудинова алып барды. Окутууда мамиле түшүнүгүнүн когнитивдик, эмоциялык жана жүрүм-турумдук аспектилери каралып, анын калыптанышында социалдык жана жеке факторлордун ролу белгиленди. Оң жана ийкемдүү мамиленин иш чөйрөсүндө байланыш сапатын, мотивацияны жана эмгек натыйжалуулугун жогорулатарын баса белгилеген программа суроо-жооп бөлүгү менен жыйынтыкталды.