2025-2026 окуу жылына тийешелүү административтик жана академиялык түзүмдөргө багытталган окутуу программасы
(*тиркеме окуу программасы)
“Алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окутуу”
Кыргыз–Түрк “Манас” университети 2025-жылдын 12-14-ноябрында университеттин коопсуздук кызматынын кызматкерлерине арналган
«Алгачкы жардам көрсөтүү» боюнча окутуу болуп өттү.
Ректораттын конференция залында өткөн окутуу
доктор Гүлфия Губайдуллина жана
доктор Айдай Кубанычбекова тарабынан саат 15:00–17:00дө өткөрүлдү.
Окутууда төмөнкү медициналык ыкмалар теориялык жана практика түрдө талданды:
• Кайра жандандыруу ыкмалары
• Эс-учун жоготкон учурда жардам көрсөтүү
• Кан агууну токтотуу
• Сынык учурунда алгачкы жардам көрсөтүү
• Ууланганда алгачкы жардам көрсөтүү
Окутуунун негизги максаты коопсуздук кызматкерлеринин өзгөчө кырдаалдарда туура жана ыкчам реакция берүү жөндөмдөрүн жогорулатуу болду.
«Кампустун коопсуздук кызматтары боюнча окутуу»
2025-жылдын 21-28-ноябрында университеттин Коопсуздук кызматынын кызматкерлерине арналган
«Кампустун коопсуздук кызматтары» боюнча окутуу өткөрүлдү.
Окутуу Ректораттын конференция залында
доцент, Ph.D. Мeдербек Оролбаев тарабынан саат 15:00–17:00дө өткөрүлдү.
Программада төмөнкү темалар кеңири каралды:
• Күзөт кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн негизги укуктук негиздери
• Күзөт кызматкеринин негизги максаты
• Күзөт кызматкерлеринин милдеттери
• Окуя болгон учурда иш-аракеттер алгоритми
• Милиция менен өз ара иш алып баруу тартиби
• Күзөт кызматкеринин укуктары
• Профессордук-окутуучу курамынын, студенттердин жана административдик кызматкерлердин өмүрүн жана ден-соолугун коргоону камсыз кылуу
• Текшерип киргизүү (контролдук) режимин уюштуруу
• Массалык ири иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыз кылуу
• Университеттин аймагында укук бузган жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө профессионалдык этиканы жана мыйзамды сактоо
• Чектөөлөр (күзөт кызматкерине эмне кылууга болбойт)
• Маанилүү этикалык талаптар
Бул окутуу коопсуздук кызматкерлеринин укуктук билимин жаңылоо жана кампустун коопсуздугун бекемдөө максатында өткөрүлдү.
«Максат коюу боюнча окутуу»
2025-жылдын 25-ноябрында университеттин түзүмдөрүнүн сапатка жооптуу кызматкерлерине жана Сапат боюнча өкүлдөргө арналган
«Максат коюу» боюнча окутуу өткөрүлдү.Ректораттын конференция залында саат 10:00–12:00дө өткөн окутуу
профессор, Ph.D.Бесим Йылдырым тарабынан өткөрүлдү.
Окутууда сапатты башкаруу алкагында максаттарды аныктоо процесси, өлчөнө турган көрсөткүчтөрдү түзүү жана бөлүмдөрдө стратегиялык пландаштыруунун негиздери талкууланды.
«Ички текшерүү боюнча окутуу жана практикалык текшерүү»
2025-жылдын 9–10-декабрында университетте TS EN ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасынын алкагында
«Ички текшерүү боюнча окутуу» болуп өттү.
Окутуу Түрк Стандарттары Институтунун текшерүүчүсү
Ph.D. Жахит Атлы тарабынан Ректораттын конференция залында жүргүзүлдү.
2025-жылдын 10-декабрында окутуудан кийин
практикалык ички текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү төмөнкү түзүмдөрдө ишке ашырылды:
• Коммуникация факультети
• Гуманитардык факультети
• Кадрлар башкармалыгы
Иш-чаранын максаты — ички текшерүү процесстерин өркүндөтүү, сапат маданиятын чыңдоо жана ISO 9001:2015 стандартына шайкештикти жогорулатуу.
«Университетибизде Алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окутуу өткөрүлдү»
Университетибиз тарабынан 2025-жылдын 17–18-декабрында бардык административдик жана академиялык кызматкерлер үчүн алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окутуу уюштурулду. Университетибиздин Маданият борборунун конференция залында өткөн окутуу доктор Гүлфия Губайдуллина тарабынан 15.00–17.00 сааттар аралыгында эки топто өткөрүлдү.
Окутуунун алкагында өзгөчө кырдаалдарда туура жана натыйжалуу аракет көрүү ыкмалары катышуучуларга теориялык жана практикалык түрдө түшүндүрүлдү. Программада aлгачкы жардам, эс-учун жоготуу, кан кетүү, сынуу жана уулануу учурларында алгачкы жардам көрсөтүү жолдору каралды.
Окутууга 500дөн ашуун кызматкер-угармандар катышып, анын негизги максаты университеттин кызматкерлеринин өзгөчө кырдаалдарда аң-сезимдүү, ыкчам жана туура жардам көрсөтүү жөндөмүн жогорулатуу болду. Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар маанилүү практикалык тажрыйбага ээ болушту.
«Университетибизде Байланыш жана протокол жол-жоболору боюнча окутуу өткөрүлдү»
2026-жылдын 20-январында университетибиз тарабынан бардык административдик кызматкерлер үчүн «Байланыш жана протокол жол-жоболору» темасында окутуу өткөрүлдү. Университетибиздин Маданият борборунун конференция залында уюштурулган окутуу PhD., профессор Бесим Ыйылдырым тарабынан 14.00–16.00 сааттар аралыгында жүргүзүлдү.
Окутуунун алкагында кызматтык байланыштын өзгөчөлүктөрү, мекемелик маданият, расмий сүйлөшүү этикасы жана протокол эрежелери боюнча маалыматтар берилди. Иш-чара административдик кызматкерлердин кесиптик компетенциясын жана мекемелик өкүлчүлүк маданиятын жогорулатууга багытталды.
2026-жылдын 28–29-январында Университетибизде административдик кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө салым кошуу максатында «Расмий жазышуу ыкмалары» аттуу кызматтык окутуу программасы өткөрүлдү.
Окутуу программасын Университетибиздин Ректорунун орун басары, PhD, профессор Исмет Алтынташ алып барды. Программага институт, факультет жана жогорку мектеп катчылары, административдик бөлүмдөрдүн башчылары, административдик адистер, бөлүм жетекчилери (шефтер), кызматкерлер, жетекчилердин жана бөлүмдөрдүн катчылары катышты.
Эки күнгө созулган окутуунун алкагында расмий жазышууда колдонулуучу усулдар жана негиздер, жазуу тили менен стили, ченемдик укуктук актыларга ылайык документтерди түзүү ыкмалары, ошондой эле жазышууларда көп кездешкен каталар каралды. Катышуучуларга практикалык мисалдардын негизинде расмий каттарды туура жана натыйжалуу даярдоо жолдору түшүндүрүлдү.
Окутуу программасынын негизги максаты — мекеме ичиндеги жазышуу процесстеринде бирдиктүү стандарттарды камсыз кылуу, жазышуунун сапатын жогорулатуу жана административдик ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат.
Университетибизде «Документтерди сактоо жана системалаштыруу ыкмалары» аттуу окутуу өткөрүлдү
2026-жылдын 30-январында Университетибизде административдик кызматкерлердин кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатуу максатында «Документтерди сактоо жана системалаштыруу ыкмалары» аттуу кызматтык окутуу өткөрүлдү.
Иш-чара Касым Тыныстанов атындагы конференция залында саат 15:30–16:30 аралыгында уюштурулуп, ага институт, факультет жана жогорку мектеп катчылары, башкармалыктардын башчылары, жатакана директорунун орун басарлары, жетекчи жана бөлүм катчылары, бөлүм башчылары (шефтер), адистер жана башка административдик кызматкерлер катышты.
Окутууну Максат Ынакбеков жана Бакыт Исмаилов өткөрүштү. Программада расмий документтерди туура классификациялоо, архивдөө процесстери, папкалоо системалары, документтердин коопсуздугу жана мекеменин институционалдык эс тутумун сактоо боюнча негизги принциптер каралды. Ошондой эле практикалык ишмердүүлүктө кездешкен маселелер талкууланып, аларды чечүү жолдору боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Өткөрүлгөн окутуунун негизги максаты — административдик бөлүмдөрдө документ жүгүртүү жана сактоо иштерин тартиптүү, системалуу жана ченемдик укуктук талаптарга ылайык жүргүзүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат.
Административдик кызматкерлердин санариптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган семинар өткөрүлдү
2026-жылдын 4-февралында Университетибизде «Административдик бөлүмдөрдө санариптик трансформация» аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинарды Университетибиздин окутуучусу, PhD, доценттин милдетин аткаруучу Абдулкадир Шекер алып барды. Иш-чарага башкармалыктардын башчылары, институт, факультет жана жогорку мектеп катчылары, административдик түзүмдөрдүн жетекчилери, жатакана директорлорунун орун басарлары, жетекчи жана бөлүм катчылары, шефтер, кызматкерлер жана административдик адистер катышты.
Семинардын алкагында административдик бөлүмдөрдө санариптик трансформация процесстери талкууланып, Google Drive тиркемелерин колдонуу, RPA (роботтук процесстерди автоматташтыруу), булут негизиндеги жазышуу системалары, жасалма интеллектти пайдалануу жана санариптик этика маселелери боюнча кеңири маалымат берилди. Айрыкча иш процесстерин ылдамдатуу, документ жүгүртүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана технологияларды коопсуз, натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык мисалдар сунушталды.
Университетибизде «Маселе чечүү ыкмалары» аттуу окутуу өткөрүлдү
2026-жылдын 11-февралында саат 15:00–17:00 аралыгында Университетибиздин Касым Тыныстанов атындагы конференция залында административдик кызматкерлерге арналган «Маселе чечүү ыкмалары» аттуу окутуу программасы өткөрүлдү.
Окутууну PhD, профессор Кадир Ардыч алып барды. Иш-чарага башкармалыктардын башчылары, институт, факультет жана жогорку мектеп катчылары, административдик түзүмдөрдүн жетекчилери, жатакана директорлорунун орун басарлары, жетекчи жана бөлүм катчылары, шефтер, кызматкерлер жана административдик адистер катышты.
Окутуунун алкагында мекемелик ишмердүүлүктө кездешкен көйгөйлөрдү талдоо, системалуу маселе чечүү ыкмалары, чечим кабыл алуу процесстериндеги натыйжалуу усулдар жана жыйынтыкка багытталган ой жүгүртүү ыкмалары каралды. Катышуучуларга иш чөйрөсүндө кездешкен мисалдар аркылуу практикалык түшүндүрмөлөр берилип, натыйжалуу чечим кабыл алуу жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүү максат кылынды.
Программанын негизги максаты — административдик процесстерде жаралган маселелерди ыкчам, натыйжалуу жана туруктуу чечүү, мекеменин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана жамаат ичиндеги координацияны бекемдөө болду.